Бишкектеги Акматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн оңдоо иштери кайсы этапта? 

Бишкекте жолдорду жана тротуарларды оңдоо, куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу кечээ, 10-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда Москва көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы тилкедеги иштер аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды.

Ага ылайык, Чүй проспектисинен Атай Огомбаев көчөсүнө чейинки тилкеде шагыл мастикалык асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, жол белгилери чийилди. Жакынкы күндөрү аталган участокту унаалар үчүн ачуу пландалууда.

"Жибек Жолу проспектиси менен Атай Огомбаев көчөсүнүн ортосундагы тилкеде "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын иши уланууда, андан кийин бордюр орнотуу иштерин баштоо пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан