ӨКМ Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу бийик тоолуу аймактарда, ашууларда жол жүрүүчүлөргө, айдоочуларга даярдык менен жолго чыгууга, эрежелерди сактоого чакырды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;
- алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
- унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз.
Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышыңыз.