Бишкек шаарындагы базарларда этти социалдык аянчалардан сатып алуу пункттары уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бүгүн, 11-октябрда билдирди.
Ага ылайык, мындай жайлар "Аламүдүн", "Орто-Сай", "Ош базар", "Чынар", "Ак-Эмир", "Дордой моторс" базарларында жайгашкан. Ал жайлардан уй эти, майда жандыктардын жана жылкы этин ортомчусуз дыйкандардын баасында сатып алууга болот.
Министрлик мындай жайлар республикада эттин баасын турукташтыруунун алкагында ачылганын белгиледи.