Ички иштер министрлигинде мамлекеттик тил саясаты талкууланды

Бүгүн, 11-октябрда ИИМдин Борбордук аппаратында “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Аталган сөздүк Кыргыз милициясынын тарыхындагы алгачкы жолу жарык көрүп жаткан эмгек. Бул сөздүк ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан түзүлүп, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы терминологиялык комиссия тарабынан кароодон өтүп, басууга сунушталган.

Аталган сөздүк алгач долбоор иретинде 2022-жылы жарык көргөн. Ал эми акыркы варианты 2023-жылы терминологиялык комиссиянын макулдугун алып, улуттук комиссия тарабынан басмаканадан чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан