“Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” II Эл аралык инвестициялык форумунун алкагында көргөзмө-жарманке өттү. Бул туурсында бүгүн, 12-октябрда Баткен обусунун өкүлчүлгү маалымдады.
Жарманкени президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачып, иш чарага келген бардык катышуучуларга ийгилик каалап,бул иш чара алардын ишин илгерилетүүгө өбөлгө болушуна тилектештигин билдирди.
Ал эми көргөзмө жарманкенин салтанаттуу бөлүгүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, жарманке бардык кызыккан тараптар үчүн кызматташуу аянтчасы болуусун каалады.
"Жарманкеде облустун район шаарлары аймакта өндүрүлгөн айыл чарба,өнөр жай,женил өнөр жай продукцияларын жана кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми жергиликтүү ишкерлер өндүргөн продукцияларын алып чыгышты. Жалпысынан 50дөй ишкана катышкан жарманкенин максаты ,аймактын өнүгүү потенциалын көрсөтүү.Кызыкдар тараптарга кызматташуу мүмкүнчүлүгү түзүү.", - деп белгиленген маалыматта.