Сокулук районунда 20дан ашык уурулук фактысына шектүү жарандар кармалды (видео)

Чүй облусунун Сокулук районунда 20дан ашуун уурулукка катыштыгы бар шектүү кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, август айнан бери Сокулук районунун Шалта жана Кызыл-Туу айылдарынын бир нече тургундары райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышып уурулук фактылары боюнча арыздарын калтырышкан.
Алардын ичинен Шалта айылынын А.Д аттуу тургуну үйүнөн 206 миң рубль жана 60 миң сом акча каражытын уурдап кеткенин билдирсе, ошол эле айылдын Ч.А. аттуу тургунуүйүнөн 1 даана алтын цепочкасын, 2 даана алтын шакегин жана 55 миң сом акча каражатын уурдатканын билдирген.
Андан тышкары Кылыз-туу айылынын М.Р. аттуу жашоочусу да кайрылып 26-августун түнү белгисиз адамдар терезе аркылуу кирип, 20 000 сом акча каражатын жана 1-даана кол саатын уурдап кетишкенин билдирген.
20дан ашык кылмыш иши Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук катоо китепчесине катталып, милиция кызматкерлери тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп башталган.
Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жогорудагы уурулук фактыларына шектүү жарандар аныкталып, 1993-жылы туулган А.Ж. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин тергөө абагына киргизилген.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жарандардын 22 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Учурда сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө.
12.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан