Бир түндө 20га жакын тор... Ысык-Көлдөгү балык улоо токтобой жаткандыгы айтылды (видео)

Ысык-Көлдө балыкчылардын мыйзамсыз иш аракеттери токтобой жатат. Бул туурасында бүгүн, 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирип, видео жарыялаган.
Маалымдалгандай, министрликтин Суучулдар кызматы Ысык-Көлдө браконьерчиликке каршы күрөшүү жана синтетикалык балык улоочу торлорду тазалоо боюнча иш-чараларды жигердүү улантууда.
"Тазалоо иштери түнү жана таңга маал дагы жүргүзүлүп, бир түндө эле 20га жакын тор табылууда. Суук түшкөн учурда балыктардын урук чачкан учуру болуп жатканына карабай, браконьерлердин мыйзамсыз иш аракети күчөөдө. Акыркы 3 сутка ичинде көлдөн 11 миң 900 метр тор чыгарылып, Экология кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
12.10.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан