УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде ачылган чек ара тозотунун салтанаттуу иш-чарасында аскер кызматкерлерине бир катар талаптарды койду.
Анын айтымында, аткезчиликтин жолуна бөгөт коюлбай, айырм кызматкерлер мыйзамсыз иштер менен дагы деле алектенип келет.
“Силерден таза, берилгендик менен кызмат кылууну талап кылам. Биздин чек арачылардын арасында мыйзам бузгандар дагы деле бар. Айрымдары аткезчилик менен иш алып барган жарандар менен кошулуп алып, иштеп жатасыңар. Эгерде араңарда ушундай кызматкерлер турган болсо, бетиңер чымырап, уялып жатсаңар керек. Силер аскер кийимин кийип, мекенди коргойм деген жигиттерсиңер. Антыңардан тайбагыла! Ар ким өз ишин так аткарса мамлекетте өнүгүү болот", - деди Ташиев.
Ошондой эле айтайын кызматтын жетекчиси Кыргызстан 2-3 жылдан кийин алыңкы өнүккөн мамлекеттердин катарына кире тургандыгын ынандырды.
Айта кетсек, УКМКнын башчысы кечээ, 12-октябрда Баткен облусуна иш сапар менен барып, бир катар объектилердин ачылышына катышкан.