Билим берүү министрлигинде мектептерде ысык тамак берүүнүн туруктуулугун камсыздоо маселелери талкууланды

Билим берүү жана илим министрлигинде “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу MGD21 программасын ишке ашырууда мектептин тамактануусун жана 2024-2025-жылдарга стратегиялык пландаштырууну илгерилетүү үчүн өнөктөштүктү бекемдөө” темасында тегерек стол өттү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чара мектептеги тамак-аш балдардын тамактануусунун сапатын жакшыртууга жана мектептерде билим алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Катышуучулар чакан топторго бөлүшүп, мектептик тамактануунун туруктуулугу программасын толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуштарын беришкендиги маалыматта кошумчаланган.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп ашпозчулары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ошондой эле Техас университетинин (АКШ) делегациясы катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан