Сауд Арабиясынын калыстар тобу Бишкекте боло турчу футбол боюнча Кыргызстан - Түндүк Корея курама командаларынын беттешин тейлейт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, ФИФА калысы Мухаммед Аль Ноиш бригаданы жетектесе, ага сызыктарда Халаф Альшамари жана Ясир Альсултан жардам беришет. Ал эми Шукри Альхунфуш резервдик арбитр болуп дайындалган.