Бүгүн, 14-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 212 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 330 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 114 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, былтыр, 2023-жылы бул күнү суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 855 миллион куб метрди түзгөн.