Боомдо бүгүн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

14-18-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайынын 128-чакырымында (темир жолдун 3898-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мекемесинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

"Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан