Жыл башынан бери Кыргызстанга канча турист келгени айтылды

2024-жылдын тогуз айында Кыргызстанга 7 миллиондон ашык чет элдик турист келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов пакистандык эл аралык туроператорлордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда Атаханов Кыргызстандын акыркы төрт жыл ичинде туризм тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп, 2024-жылдын 9 айында эле Кыргызстанга 7 миллиондон ашык чет элдик турист келгенин айтып, пакистандык туристтерди уникалдуу кооздук, жаратылыш жана бай маданият менен таанышууга чакырган.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, пакистандык туроператорлор Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгышкан. Анда алар салттуу үйлөр (боз үй), улуттук кийимдер, көчмөндөр оюндары жана кыргыздын меймандостук каада-салттары өзгөчө кызыгууну жаратканын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан