Түптө медициналык борбордун жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 14-октябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министрликтен билдиргендей, 60 орундуу 2 кабаттуу имаратты курууга республикалык бюджеттен 88 миллион сом бөлүнгөн. Имаратта хирургия, төрөт, балдар жана жандандыруу бөлүмдөрү жайгашат.

"Бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган жаңы имараттын курулушу райондун тургундарына сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Биз мындан ары да өлкөбүздүн ар бир жашоочусу керектүү медициналык кызматтарды эң жакшы шарттарда алышы үчүн иш алып барабыз", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан