Бишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрга белгиленген ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 15-октябрда кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин "Батыш" суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 15-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда таза суу берүү токтотулары маалымдалган.
- Алыкулов көчөсү - Кустанай - ЧЧК (Чоң Чүй каналы) - Ала-Арча, Рыскулов проспектиси (Д. Сяопин) – Интергельпо – Темир жол линиясы.
- (Прогородное айылы) Юбилейная көчөсү– Горький көчөсү - Садовая көчөсү (Прогородное айылы) - ЧЧК.
- Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, Достук кичирайону.