Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Кайрылуусунда ЖКККББ айдоочулардан жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, анан жолго чыгууну суранды.
"Сапарга чыккан айдоочуларга унаанын дөнгөлөгүн кышкыга алмаштырып, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты так сактоону суранабыз. Ошондой эле дөңгөлөккө байлоочу чынжырчаны алып, каршы тилкеге чыкпай айдап, сабыр кылууңуздарды суранабыз", - деп билдиришти ЖКККБдан.