Ооганстандагы этникалык кыргыздарга дары-дармектер жеткирилди

Ооганстандын Бадахшан провинциясына этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Эмгек министрлиги маалымдады.

Ведомство билдиргендей, гуманитардык миссияны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеп барган.

"Ал Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, провинция бийлигинин этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларын жана алдыдагы пландарын талкуулады. Миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга (анын ичинде 195 аялга жана 180 балага) медициналык жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан