Акыйкатчы институту имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактылуу Тышкы иштер министрлигинин мурдагы имаратында иштеп жатат. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, институт 14-октябрдан тарта убактылуу төмөнкү даректе иштейт: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 57.
Ошондой эле убактылуу башка жайга көчкөндүктөн байланыш номурлары да өзгөрдү.
Байланыш үчүн номурлар: +996 (555) 339-292.
Акысыз шыр байланыш: 115.
WhatsApp: (+996 999) 000-115.
Эскерте кетсек, имаратта оңдоп-түзөө иштери октябрь айынан баштап жүрүп жатат. Ал эми аталган жай 1930-жылдары салынып, узак убакыттан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.