Эртеңки күнгө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 16-октябрда өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында жазылат.

Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +3 ... +8

Таласта түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +4 ... +6

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +12 ... +14

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +10 ... +12

Нарын жергесинде түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +6 ... +8

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +5 ... +7 жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан