Аскат Алагөзов: "Зардалыга бара турчу жалгыз унаа жол кеңейтилип жатат"

Баткен облусунда жайгашкан Зардалы айылына бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келерки жылдын жазында Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталат.
"Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Эске салсак, мамлекет башчысы Зардалыга 29-сентябрда барып, айыл тургундарынан кабар алган. Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген", - деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан