Beeline Кыргызстандын жетекчиси Андрей Пятахин Beeline Uzbekistan’дын башкы директору болуп дайындалды

«Скай Мобайл» ЖЧКнын («Beeline Кыргызстан» соода маркасы) уставдык капиталынын 50,1% үлүшүнүн ээси VEON Эл аралык холдинги компаниянын топ-менеджментинин курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө жарыялады.

Акыркы үч жылдан бери Beeline Кыргызстанды жетектеген Андрей Пятахин VEON’дун ири бөлүмдөрүнүн бири болгон Beeline Uzbekistan’дын башкы директору болуп дайындалды. Бул Андрейдин ийгиликтүү карьерасындагы дагы бир кадам. VEON Group’та иштеген 20 жылдан ашык убакыттын ичинде ал ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалап, анын ичинде Грузияда, Арменияда жана Кыргызстанда Beeline’ дын башкы директору кызматтарын ээлеген.

Андрей Пятахин Beeline Кыргызстандагы азыркы кызматында ноябрдын аягына чейин, б.а. Beeline Uzbekistanга өтүү аяктаганга чейин иштейт. Учурда «Скай Мобайлдын» акционерлери Beeline Кыргызстандын башкы директору кызматына талапкерди биротоло бекитүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Жаңы жетекчи Компаниянын ийгиликтүү иштешин жана кардарларды тейлөөнүн жогорку деңгээлин сактоого, ошондой эле VEON ушул жылдын башында жарыялаган «Скай Мобайлдагы» үлүштү сатуу процессин аяктоого жооптуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан