Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстан менен Түндүк Корея курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу борбордун кайгуул кызматы билдирет.
Ага ылайык, бүгүн саат 18:00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:
Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.
Футболдук мелдеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.