Ноокенде 52 жаштагы киши өспүрүм жээнине ыплас иш-аракеттерди жасаган деп кармалды

Ноокен районунда өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасаган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Адыр-1 айылынын 52 жаштагы тургуну өзүнүн жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча 12-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, өспүрүмдүн ата-энеси ажырашып кетип, кыз туугандарынын колунда калган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран 2023-жылдан баштап өсүрүм кызга карата бузуку аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 13-октябрда аталган кылмыш ишине шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

14-октябрда Ноокен райондук соту тарабынан шектүү эки айга камакка алынган.

ИИМ тараткан маалыматта өспүрүм кыздын канча жашта экендиги так айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан