Бишкекте 14-октябрда Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз бөлүмүнүн демөөрчүлүгү менен кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган бильярд спорт оюну боюнча Эл аралык турнир болуп өттү.
ИИМден билдиргендей, турнирге Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ички иштер органдарынын ардагерлери жана учурдагы кызматкерлери катышты. Белгилүү себептерден улам Тажикстандын командасы турнирге катыша алган жок.
Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстан, 2-орунду Орусия, 3-орунду Казакстан, 4-орунду Өзбекстан курама командалары жеңип алышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына сыйлыктар, белектер тапшырылды.
"Бул Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз бөлүмү тарабынан сегизинчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык турнир. Аталган турнир алгачкы эки жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөрүлсө, эки жолку турнир Алматы шаарында өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.