
Бишкектеги мектептердин биринде бала уурдалды деген маалымат социалдык баракчаларга тараган. Анда №63 мектеп тууралуу экендиги айтылган. Бул туурасында кечээ, 15-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы комментарий берди.
Маалымдалгандай, жогорудагы маалымат чыкдыкка дал келбейт.
"Социалдык тармактарда балдарды уурдоо фактылары тууралуу маалымат тарап жатат. Милиция бул маалыматты текшерип, чындыкка дал келбегендигин билдирет.
Укук коргоо органдары ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.