Бишкекте улуттук урбан форуму өтөт

Бишкекте 16-18-октябрь күндөрү улуттук урбан форуму өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын максаты – активдүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог, тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү.
Белгиленгендей, иш-чарага Түркиянын 3 шаарынын өкүлдөрү, Улан-Батор шаарынын мэриясы, Россия шаарлар Союзу, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия аймактык бөлүмү, Казань шаары, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлиги, Казакстандын жергиликтүү коомчулуктар элдик конгрессинин төрагасы, Франция, Германия, АКШдан келген эксперттер, БУУ Хабитаттын өкүлдөрү, Найроби, Кения, эл аралык аймактык өнүгүү жана чоң маалымат боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан