Бишкектин четиндеги унаа базардан чоң суммада акча уурдаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
13-октябрь күнү Сокулук РИИБине Военно-Антоновка айылында жайгашкан "Риом" унаа базарында болгон окуя боюнча белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Ал арызында Хонда-Степвагон унаасынын эшигин сындырып кирип, 30 миң 900 АКШ доллары жана 2 миллион 150 миң сом акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон иш боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адамдардын өздүгү аныкталган. Алар: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1973-жылы туулган Ж.Ө. аттуу жаран жана 1984-жылы туулган Ж.М. болгон. Алар колго түштү.
Ошондой эле тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын үйүнөн 29 миң 800 доллар жана 1 миллион 689 миң сом табылып, буюм далили катары алынган.
Азыркы учурда кармалган адамдардын башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, тергөө уланууда.