Бишкек-Ош унаа жолу бир тараптуу ачылды 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы жол тыгыны жөнгө салынып, бир тараптуу жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусундагы жол тыгыны жөнгө салынып, 129-чакырымындагы жеңил унаалар Бишкек тараптан Ош тарапка өткөрүлүп жатат. Жакынкы убакта эки тараптуу ачылып, жол тыгыны жоюлат.

"Совновка, Арал жана Талды-Булак (Талас-Бишкек каттамы) өткөрмө жайларында унаанын бардык түрүнө каттам жабык", - деп билдирди мекеме.

Ошондой эле жүргүнчүлөргө ысык чай жана тамак-аш уюштурулганы айтылды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан