
Кечээ, 15-октябрда Кыргызстандын 39 жараны Түштүк Кореяга иштеп келүү үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ага ылайык, жарандар EPS программасы менен кетишкен.
Аталган программанын алкагында борбор 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Кореянын ишканаларында ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту. Азыркы учурда Кореяда EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.
Эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет:
- тамак-аш;
- химиялык өнөр жай;
- кагаз өндүрүү;
- желимден, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор.
"Орточо эмгек акысы 1800 долларды түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.