Аксыда мал уурулук менен алектенген үч шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында “Мал уурулук-веткөзөмөл” аталышта өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизинде мал уурулук жасаган үч жаран кармалды. Бул туурасында кечээ, 15-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 18-сентябрда Тегене айылынын С.Ш. жана З.С. аттуу тургундары арыз менен кайрылышкан. Анда бир уй, бир кунажын, эки баш торпок аталган айылдын Тоо-Кыр участкасынан уурдалгандыгы айтылган.
Аталган маалымат райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары, Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын 1995-жылы туулган А. уулу З., 1996-жылы туулган Ш.Р., 1997-жылы туулган А.Ж. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан