
Бишкек шаарынын “Кара-Жыгач токою” сейил багы 1,2 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул туурасында бүгүн, 16-октябрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жердин баасы 126 миллион 780 миң сомду түзөт.
"Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, өкмөттүн 1995-жылдагы токтому менен, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна берилген. Бирок ага карабастан Свердлов администрациясы аталган сейил багынын аймагынан 2007-жылдагы “Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө” токтому менен жарандарга мыйзамсыз берип таштаган.
Райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылды. Ал эми келтирилген прокурордук актынын негизинде баасы 126 миллион 780 миң сомду түзгөн 1,2 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.