Ассоль Молдокматова Москвада кыргыз кызын мекендеши токойдо зордуктап, ур-токмокко алганын айтып чыкты

Москва шаарында кыргызстандык кызды мекендеши токойго алып барып, зордуктап, ур-токмокко алган. Бул туурасында бүгүн, 16-октябрда телеалпаруучу Ассоль Молдокматова социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, шектүү жаран жакында гана абактан чыккан. Ал токойдогу окуянын баарын тасмага тартып алганга жетишкен.

“Кыздын ишенимине кирип, апасы менен таанышкан. Кийин чогуу жашай башташкан. Бул арада ал кызды токойго алып барып зордук-зомбулук көрсөтүп, зордуктап, баарын видеого тартып алган. Алгач видео үчүн акча талап кыла баштаган. Андан соң тасма социалдык баракчаларга тарап кеткен.

Кыздын жакындары мага жардам сурап кайрылышты”, - деп калтырган билдирүүсүндө.

Ошондой эле Молдокматова Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин жардамы менен алар Орусиянын жараны экендиги аныкталып, ошол жактын мыйзамынын негизинде иш алып барыла тургандыгы маалым болгонун билдирди.

Телеалпаруучу жалпы айымдарга кайрылып, зордук-зомбулукка жол бербөөгө, өзүн-өзү коргоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан