Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 17-октябрда өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +3 ... +8
Таласта түнкүсүн +0 ... -2, күндүз +7 ... +9
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +14 ... +16
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +6 ... +8
Нарын жергесинде түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +5 ... +7
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +6 ... +8 жылуу болот.