Бишкекте жылуулук тармактарын көзөмөлдөө жана сыноо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу айрым турак үйлөрдө ысык суу өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин жеке сектордогу турак үйлөрдө жылуу суу болбойт. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө өчүрүлбөйт.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.