Бишкекте Муниципалдык инспекция "Ала-Тоо" аянтында тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча активдүү иштерди улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Анда тазалык, көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана башаламан соода жүргүзгөндөр текшерилди.
"Башаламан соода менен алектенген адамдарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары инспекторлор патруль учурунда ата-эне, жакындарынан адашкан балдарга жардам көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.