Кыргызстанда жаңы жылдан баштап ОСАГО полиси жокторго айып салынат

2025-жылдын 1-январынан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, айыптын өлчөмү 3 миң сомду түзөт.

Ал эми юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жок болгону үчүн 13 миң сом айып каралган.

Маалымат үчүн: ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан