Өлкөдө дагы беш окуу жайга өзгөчө статус берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, президенттин “Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.
Анын максаты – жогорку окуу жайлардын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Алар төмөнкү окуу жайлар:
- Баткен мамлекеттик университети;
- К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
- Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
- Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
- Талас мамлекеттик университети.
Эске салсак, 2022-жылы өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилгени маалымдалган.