Ош шаарынын Ж.Райымбеков көчөсүндө "ачык асман астында жашап жатат" деп социалдык тармактарда талкууланып жаткан жаранга байланыштуу маселе Ош шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы маалымдады.
Маалымдалгандай, учурда аталган жаран Манас-Ата аймактык башкармалыгынын Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө жайгаштырылды.
"Эске алсак, буга чейин аталган жаран вагондо жашап келген. Ал вагонго ээлик кылган тарап өз буюмун алып кеткен соң аймактык башкармалык тарабынан башка батирге чыгып, убактылуу жашап туруу же “Боорукердик” үй интернатына барып жашап туруу сунушу берилген. Бирок андан баш тарткан. Ага карабастан башка экинчи жайга көчүрүлүп, жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.