Бүгүн, 17-октябрда таңга маал саат 4:23тө кыргыз-кытай чек арасында күчү очогунда 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайда, Бедел айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Сайдан 153 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Бедел, Ыштык, Кара-Сай айылдарында 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга жакын сезилди.