Автобуска кошумча бак орнотуп, Казакстандан күйүүчү май ташыгандар кармалды

Автобуска кошумча бак орнотуп, коңшу Казакстандан күйүүчү май ташыган автобустар аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө жайынан кошумча бак орнотуп, коңшу өлкөдөн мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 3 автобус кармалган.

Учурда бул автобустардын айдоочуларына мыйзамсыз кошумча бак орноткондугу үчүн укук-бузуулар кодексинин негизинде 16 миң 500 сом айып салынып, автобустар айып короого токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан