Чаткалда алты кишини кар көчкү басып калганы айтылууда

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда кар көчкү алдында калган алты адам изделип жатат. ӨКМ бүгүн, 17-октябрда аларды издөөгө 20 куткаруучу тартылганын билдирди.

Ага ылайык, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну, 1 кытайлык жаран тоого өсүмдүк тамырын тергени чыгышып, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 16-октябрда ӨКМге түшкөн.

Чаткал райондук Өзөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрда дайынсыз болгон 2 жаран Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 жаран Кум-Бел ашуусунан ашкан жерден аман-эсен табылган.

Табылган жарандардын билдирүүсүндө, 14-октябрда саат 18:00 чамасында калган 6 жаранды Ак-Сай ашуусунда кар көчкү басып калган.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан