Ошто өз үйүндө баңгизат өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну өз үйүндө баңгизат өсүмдүгүн өстүргөн жана сатып жүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 59 жаштагы жаран үйүндө кара куурай баңгизат өсүмдүгүн өстүрүп, сатып жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери анын жашаган жерин тинтүүгө алышканда сандыктын ичинен 2 даана 1 литрлик идиштеги кургатылган кара куурай өсүмдүгү, ичинде кара куурайдын жалбырактары бар 2 даана кагаз баштыкча жана баштыкчадагы кара куурайдын уруктары табылган. Дайындалган соттук-химиялык экспертиза атайын өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн салмагы 4 килограмм 850 грамм экенин, банкалардагы өсүмдүктөр 193 граммды түзгөнүн жана алынган заттар кара куурай баңгизаты экенин тактаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан