Чүй облусунун Москва районунда автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды. Бул туурасында кечээ, 17-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Айта кетсек, социалдык тармактарда Бишкек-Ош унаа жолунда автоээнбаштык жасаган айдоочунун видеосу тараган. Анда унааны жол ортосунда 2-3 жолу айлантып, жол эрежесин бузуп, башка айдоочулардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдук жаратканын көрүүгө болот.
Маалымдалгандай, бул факты боюнча издеп табуу иштери жүргүзүлүп, айдоочу Чүй облусунун Москва районан кармалган.
"Ага жол эрежесин бузгандыгы үчүн укук бузуулар кодексинин 189, 188, 182 беренелеринин негизинде 21 миң 500 сомго айып пул салынган. Ошондой эле Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган", - деп кошумчаланган маалыматта.