Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Чаткалда кар көчкү алдында калган жарандарды издөө иштери боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ӨКМ башчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран жалпы 14 адам эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткен бойдон дайынсыз болгон.
"Издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрда 8 жаран аман-эсен табылды, калган 6 киши кар көчкүдө калган деген маалымат айтылууда. Учурда катаал шарттарга байланыштуу издөө иштеринде колдонулган техникалар менен иштөө кыйынчылык жаратууда.