
Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн күзгү каникул 4-ноябрда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, министрликтин “2024-2025-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, мектептерде күзгү каникул 7 календардык күнгө созулат.
Белгиленгендей, эс алуу 4-ноябрдан башталып, 10-ноябрда аяктайт. Мектептеги сабактар 11-ноябрдан баштап жүргүзүлө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.