Соттолгон Даниел Ажиевдин апасы Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкектеги жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүздү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Ажиевдин апасы бүгүн, 17-октябрда "Ынтымак ордонун" дарбазасын сүзгөн. Ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Маалым болгондой, ал ушундай жол менен уулунун көйгөйлөрүнө өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көңүлүн бургусу келген.
Эске салсак, Даниел Ажиев былтыр 5-июнда көп сандагы вебкам-студияларды уюштурган деген негизде кармалган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Ажиев быйыл 31-июлда күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылганын Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирген. Ошондой эле ал 2 жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турганы айтылган.