Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фабрикасы курулат

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл аймагында бодо малдын терисин кайра иштетүү заводун жана бут кийим фабрикасын куруу пландаштырылууда. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, 17-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бир нече мекеме жетекчилери менен жерине барып көчмө жыйын өткөрдү.

"Терини кайра иштеткен заводду куруу, компанияларды жайгаштыруу боюнча жер аныкталды. Ошондой эле жерди трансформация кылуу, суу, электр энергиясын киргизүү, саркынды сууларды чыпкалап-тазалоочу курулмаларын куруу, жол салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалагандай, ишкананын жер участогунун болжолдуу аянты 10 гектарды түзөт. Анын ичинде өндүрүштүк кластер үчүн – 9 гектар, бут кийим фабрикасын куруу үчүн 1 гектар бөлүнөт.

Мындан тышкары жаңы курула турган булгаары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4000 тонна терини кайра иштетет. Ал эми бут кийим фабрикасы күнүнө 1000 жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жумуш орунун камсыз кыла тургандыгы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан