Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-октябрь күнү 06:50 чамасында Лев Толстой жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз автоунаа 1981-жылы туулган А.Т. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилип, өзүнө келбестен каза болгон.
Издөө иштеринин жүрүшүндө адамды сүзүп кеткен унаа Toyota Camry унаасы экени аныкталып, анын айдоочусу 1980-жылы туулган А.С. кармалган. Кармалган жаран кырсык болгон жерде унаанын сынган тетиктерин чогултуп, качып кеткени белгилүү болгон.
Унаа шаардагы гараждардын биринде табылган. Текшерүү учурунда унаанын алдыңкы айнегинен башка сынган бардык тетиктери алмаштырылганы аныкталган.
Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.