Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, алтоосу милицияга жеткирилди

Бишкекте мектеп окуучулары мушташты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, бүгүн болжол менен саат 16:04 чамасында Бишкек шаарынын Жаш-Гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде "мектеп окуучулары мушташып жатат" деген маалымат келип түшкөн.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБине каттоого алынып, милиция бөлүмүнө 6 жашы жете элек өспүрүмдөр жеткирилген. Буга байланыштуу дагы башка катышуучулар аныкталууда.

"Алардын ата-энелери да чакырылды. Учурда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан