Биз социалдык тармакта

Бишкекте Муниципалдык инспекция жарнама кагаздарын туура эмес жерге чаптагандарга айып салууда

Бишкекте Муниципалдык инспекция жарандарга жана уюмдарга белгиленбеген жерлерге жарнама жарыяларын чаптагандарга айып салууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мындай тартип бузуулар аныкталган учурда тартип бузуучуларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 3-беренесинин 107-бөлүгүнө ылайык айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 1 000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5 миң сом.

"Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан